Курулуштагы мыйзам бузууга жол берген жетекчилер жазаланабы? (видео)

542

Курулуш тармагында одоно мыйзам бузууга жол берген жетекчилер менен кызматкерлердин жоопкерчилигин карап чыгуу керек. Бул тууралуу Жогорку Кеңеште “Республика-Ата Журт” фракциясынын отурумунда айтылды. Анда курулуш бизнес чөйрөсүндөгү учурдагы абал, шаар куруу жана турак-жайларды милдеттүү камсыздандыруу боюнча маселелер көтөрүлдү.

Ошондой эле турак-жайларды милдеттүү камсыздандыруу суроосу да курч турат дешет эл өкүлдөрү. Учурда камсыздандырылган обьекттердин саны 90 миңге жеткен. Өзгөчө жаратылыш кырсыктары көп катталган аймактарда бул иш-чаралар жигердүү жүрүп жатыптыр. Бирок бир топ үйлөрдүн авариялык абалда болуусу жана документтеринин жоктугу ишке тоскоолдук жаратып жатыптыр.