Курулушу бүтпөй жатып, четинен урай баштаган оорукана (видео)

747

Ош областынын Араван районундагы Маңгыт айылында оорукананын курулушу 7 жылдан бери бүтпөй турат. Себеби аны тургузууга каралган акча толугу менен бөлүнгөн эмес. Ал арада имараттын дубалдары, пайдубалы урап баштап, жер төлөсү чөгүп кеткен.

Оорукана Ош жана Жалал-Абад областтарын калыбына келтирүү боюнча Мамлекеттик дирекциянын буйрутмасы менен курула башталган. Ишти жеке компаниялар бүткөрмөк. Айыл тургундары курулуштун создуктурулганына гана эмес, имараттын сапатсыз салынып калганына да нааразы болушууда.