Куш тумоосу Кыргызстанга жакындадыбы? (видео)

1212

Россиянын 4 аймагынан Кыргызстанга тоок этин ташууга чектөөлөр киргизилди. Себеби ал жакта «куш тумоосу» күчөп, аны менен күрөшүүдө жигердүү майнап чыкпай, илдет чектеш Казакстанга да жайылууда. Кошуна өлкөнүн 5 областында «куш тумоосу» өтө тездик менен жайылып, акыркы 1-2 күн аралыгында эле миңдеген канаттуулар кырылып калган.

Ал арада Казакстандан Кыргызстанга канатуулардын этин аткезчилик жолу менен ташыгандар бар экени белгиленүүдө. Адистер болсо, ылаң адамдарга дагы жуккандыктан, санитардык талаптар так сакталбаса абал оорлошот, деп эскертишет.