Куткаруучулар: муз тебүүдө баллон колдонуу кооптуу! (видео)

1578

Кышкы туристтик мезгилдин ачылышы менен тоого эс алууга баргандардын саны арбыды. Бирок көпчүлүгү коопсуздук эрежелерине кош-көңүл мамиле кылып жатканы байкалууда.

Акыркы бир ай ичинде эле тоого эс алууга барып, ал жактан ар кандай жаракаттарды алган онго жакын адам ооруканага кайрылган. Баары резина баллон менен тоодон ылдый түшүп, жабыркагандар. Мындан улам дарыгерлер эс алуучуларды этият болууга чакырышууда.