Куткаруучулардан мастер-класс (видео)

608

Тез аранын ичинде урандылардын алдында калган жабырлануучуну куткарып, кырсыктын кесепетинен келип чыккан өрттү өчүрүп, адамдарды куткарып калуу. Ошондой эле, турак-жайды каптаган алоолонгон өрттү чектеп, жоготуулардын алдын алуу.

Бул аракеттердин бары «Кырсыктардын тобокелчилигин азайтуу» үчүн жүргүзүлгөн бир айлык саамалыктын алкагында көрсөтүлдү. Анда куткаруучулар ар кандай кырсыктар болуп калганда, алгач эле кандай аракеттерди жасоо керектиги боюнча мастер-класстарды көрсөтүштү.