КУУда жаңжал тынчый элек (видео)

783

Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинде финансылык мыйзам бузуулар уланууда. Бул тууралуу айткан окуу жайдын айрым кызматкерлери, маалымат жыйын уюштуруп, өлкө башчыга кайрылышты. Алар президент Сооронбай Жээнбековдон университеттеги болуп жаткан абалды өз көзөмөлүнө алууну өтүнүштү.

Өз кезегинде аталган окуу жайдын ректору Канат Садыков айтылган дооматтарды четке кагып, каралоо аракеттери болуп жатат дейт. Бул боюнча эки тарап соттошууда.