Куурчак анимация техникасында өзгөчө тасма тартылууда (видео)

866

Сүйлөп жана кыймылдай алган мультфильм каармандары. Учурда «Кыргызфильм» киностудиясында куурчак анимация техникасында өзгөчө тасма тартылып жатат. Анда каармандар жандуу образ менен 13-14-чү кылымдардагы элдин жашоо-тиричилигин, жаман менен жакшынын айырмачылыктарын таасын чагылдырып беришкен. Мультфилмдин жалпы узактыгы — 4 мүнөт. Ага 20дан ашуун куурчак тартылган. Анимациялык тасма -“стоп моушен” ыкмасында жасалып, учурда анын 1 мүнөткө жетпеген бөлүгү тартылган. Мультипликаторлор долбоорду толугу менен 1-февралга чейин бүтүрүүнү пландап жатышат.