Күз-кыш мезгилине карата даярдыктар кандай? (видео)

2253

Алдыдагы кышта Бишкекти кайрадан кара түтүн каптачудай болуп калды. План боюнча ушул жылы ордо калаадагы 6 орто окуу жайдын жылытуу тутуму газга өткөрүлүшү керек болчу. Бирок каражаттын тартыштыгынан улам ишке ашпай, баарын мурдагыдай эле көмүр менен жылытуу чечими кабыл алынды.

Бул тууралуу Бишкек шаарынын биринчи вице-мэри Жамалбек Ырсалиев билдирди. Айтымында, жай бою айрым от казандар оңдолсо, кээ бирлерин ремонттоо дагы деле болсо уланып жатат. Муниципалитет берген маалымат боюнча, күз-кыш мезгилине карата даярдык кийинки айда жыйынтыкталат.