Күздө референдум өткөрүү үчүн документ даярдалды (видео)

734

«Референдум өткөрүү тууралуу» документ даярдалды. Жыл соңуна чейин баш мыйзамды өзгөртүү үчүн референдум өткөрүү сунушталууда. Кыргызстанда саясий топ бул боюнча мыйзам долбоору даярдалганын жарыя кылды. Анда башкаруу системасын тактоо, парламент депутаттарын партиялык же мурдагыдай бир маңдаттуу округдан шайлоо, бийликтин бутактары баш ийген курултай институтун түзүү сыяктуу сунуштарды элдин сынына коюу талабы жазылган.

Деген менен, учурдагы баш мыйзамдын авторлору конституцияны өзгөртүүгө негиз жок дешет. Алар 2010-жылы эл референдум аркылуу парламенттик башкаруу жолун тандаганын, бирок Жогорку Кеңеш туура эмес мыйзамдарды кабыл алуу менен, талаштуу жагдайлар жаралып жатканын айтышат.