Күзөт башкармалыгынын кызматкери баңги заты менен кармалды

821

Бишкектеги Ленин райондук күзөт башкармалыгынын кызматкери баңги заты менен кармалды. Милициянын ага лейтенанты ири көлөмдөгү гашиш менен колго түшкөн.

Ал Ленин райондук адистештирилген мамлекеттик күзөт кызматынын взводунун командири болуп иштеп келген. Аны тинтүү учурунда сол чөнтөгүнөн 30 даана таңгак табылган. Анда жарым килограммга жакын гашиш болгон.

Ыкчам иликтөө иштеринин жүрүшүндө бул кылмышка тиешеси бар дагы эки адам кармалган. Ички иштер министрлигинин тергөө кызматы тарабынан кылмыш иши козголуп, колго түшкөндөр СИЗОго киргизилди.