Күзүндө агартуучулардын маянасы жана пенсия көтөрүлөт

1018

Күзүндө пенсия жана мугалимдердин айлыгы көтөрүлөт. Бул тууралуу өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев өкмөттүн кезектеги жыйынында сүйлөп жатып билдирди. Ага ылайык, агартуучулардын маянасы 1-сентябрдан тартып көтөрүлсө, ал эми 1-октябрдан баштап пенсия жогорулайт экен.

Премьер-министрдин өз сөзүндө, 2008-жылдан бери көтөрүлбөй келе жаткан Улуттук илимдер академиясынын кызматкерлеринин айлыгы 30 пайызга, ал эми мамлекеттик кадр кызматы менен спорт машыктыруучуларынын эмгек акысы 50% жогорулаганын айтты.

Белгилей кетсек, былтыр жыл аягында Улуттук статистика комитети Кыргызстандагы бир айдагы орточо эмгек акынын өлчөмү 15 миң 752 сом сомду түзгөнүн кабарлаган. Ал эми 2017-жылы болсо, бул көрсөткүч 14 миң 800 сом болгон.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.