КВН Ала-Тоо лигасынын регионалдык финалы болду

859

Кечээ күнү улуттук филармониянын залында өткөн оюнга Алматыдан — АУЭС , Бишкек шаарынан — Бруклин, Черный кот жана Ош шаарынын курама командалары катышты. Шайырлар жана тапкычтардын таймашын — «Азия Микс» командасынын капитаны Элдияр Кененсаров алып барды.

Финалда оюнчулар Сочи шаарында өтүүчү эл аралык фестивалга жолдомо алуу үчүн ат салышты. Алдыга суурулуп чыккан команда — келээрки жылдын январь айында Сочи калаасынын сахнасында өнөрлөрүн тартуулашат. КВНди толугу менен 31-декабрь күнү НТС телеканалынан көрө аласыздар.