Кычыраган суукта темир вагондо күн көргөн үй-бүлө (видео)

4668

Кычыраган суукта темир вагондо күн көргөн 4 адам коомчулуктун жардамына муктаж. Учурда Салмоорбек Сыдыковдун үй-бүлөсү калаанын Көк-Жар конушундагы ээн талаадагы вагондо күн кечирүүдө. 15 жаштагы кызы тубаса акыл-эстин начар өрчүүсү менен жабыркап келет.

Ушундан улам алты жыл мурда Кочкордон көчүп келишиптир. Салмоорбек Сыдыков өзү жакында эле курулушта иштеп жатканда кулап кетип, бел омурткасын кокустатып алып, дарыланууда. Жубайы болсо оорулуу кызын карап, үйдө. Алар жакын арада турак жайлуу болбосо, көчөдө калышы мүмкүн экен.