Кыймылдаткычы күйүп кеткен учак боюнча кылмыш иши козголду

954

Баткенге учуп бара жатканда кыймылдаткычы күйүп кеткен учак боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти. Кылмыш-жаза кодексинин «темир жол, аба же суу транспортунун кыймылынын жана аны пайдалануунун коопсуздук эрежелерин бузуу» беренеси боюнча козголгон кылмыш ишине ылайык, бул авиакырсык үчүн жооптуу деп табылган тараптар бир миллион сомго чейин айыпка жыгылып же бир жыл жылга чейин коомдук жумуштарга тартылышы мүмкүн.

Андан сырткары, 3 жылга жогорку кызматта иштөө укугунан ажыратылат. Учурда бул окуяны атайын комиссия иликтөөдө. Эске салсак, 1-мартта «Бишкек-Баткен» каттамы боюнча учуп бара жаткан «Тез Жет» авиакомпаниясынын самолету абага көтөрүлгөн маалда сол канатындагы кыймылдаткычы иштен чыгып, авариялык конуу жасоого туура келген.

Бактыга жараша, борттогу экипаж жана 96 жүргүнчү жабыркаган эмес.