НТС

Кыйноолор боюнча арыздардын 90%ы милицияга каршы жазылат (видео)

Кыргызстанда кыйноолор боюнча арыздардын 90 пайызы милиция кызматкерлерине каршы жазылат. Мындай статистика Акыйкатчы институтуна түшкөн арыз-даттануулардын негизинде чыгарылган. Жабык жайлардагы абал жана медициналык тейлөөнүн сапатын текшерүү учурунда камакта адамдар медициналык кызматтан куру калып, басмырлоого дуушар болоору да аныкталган.

Иликтөө социологдор, медицина кызматкерлери, милдеттүү медициналык камсыздоо фонду жана Акыйкатчы институту тарабынан өткөрүлгөн. Жалпысынан акыркы жылдары кыйноолор боюнча көрсөткүчтөр өсүп бара жатканы белгиленүүдө.