Кыйылган бак-дарактар аз камсыз үй-бүлөлөргө таратылууда (видео)

3857

Энергетиктер электр кубатын үнөмдөөгө чакырганы менен, Бишкекте көмүрдүн баасы ооздукталбай жатат. Антимонополия агенттиги бекиткен наркта саткандар жокко эсе. Ал арада, жыгач отунга жете албай жаткандар да бар. Бишкекте аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө бекер отун таратылууда.

«Бишкек жашыл чарба» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери шаар ичиндеги куураган бактар менен бутактарды кыйып, чогултуп коюшкан. Азыр социалдык өнүктүрүү башкармалыгы тарабынан берилген тизмеге ылайык ордо калаада жашаган аз-камсыз болгон үй-бүлөлөргө берилип жатат. Ар бирине 1,5 кубдан бөлүштүрүлүүдө.