Кыйын кырдаалда өздүк курамды таштай качкан жетекчилер (видео)

4353

УКМКнын төрагасы Орозбек Опумбаев менен мурдагы ички иштер министри Кашкар Жунушалиевдин дайыны дагы деле чыга элек. Жетекчилер бешинен алтысына караган түнү элдик толкундоолор башталган маалдан тарта байланышка чыкпай, өздүк курам өз алдынча калган.

Ал арада кыйын кырдаалда кызмат ордун таштап кеткен жетекчилер мыйзам алдында жооп берүүгө тийиш дегендер көбөйдү. Алар «кызмат өтөөдө ички талаптарды бузуу» жана «кызмат өтөгөн жерин өз билемдик менен таштап кетүү» беренелерине ылайык жоопкерчиликке тартылышы мүмкүн. Качып кеткен жетекчилер жазаланабы?