Кыйырларга таанылган “Кыргыз керемети” (видео)

1424

«Кыргыз Кереметин» кыйырларга тааныткан Кыргыз киносуна 80 жыл! Буга байланыштуу Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармонияда салтанаттуу иш-чара уюштурулуп, кино тармагынын өкүлдөрүнө куттуктоолор жолдонду.

Бир кылымга чукул тарыхы бар “Кыргызфильм” студиясында биринчи жолу 62 миң долларга жабдуу сатып алынып, совет маалында тартылган кинолор кайрадан санариптештирилүүдө. Ошол эле учурда аталган тармактын чечилбей келе жаткан көйгөйлөрү да бир топ.