Кылмыш иши козголгон канча айыл өкмөтү бар? (видео)

1239

Финансылык мыйзам бузуу боюнча Транспорт жана жолдор министрлиги биринчи орунда турат. Бул тууралуу Эсептөө палатасынын төрагасы Улукбек Марипов парламенттеги тармактык комитетте отчет берип жатып билдирди. Министрликтин 2016-жылдагы бюджетин текшерүү учурунда 257 миллион сомдук каржылык тартип бузуу аныкталган. Ошондой эле, 2016-жылы 310 айыл өкмөтү текшерилип, анын жыйынтыгы менен 30дан ашык кылмыш иши козголгону маалым болду. Айрым депутаттар миллиондогон финансылык мыйзам бузууларды таап жаткан Эсептөө палатасынын аудиторлорунун айлык маянасын 2-3 эсеге көтөрүүнү сунушташууда.