Кылмышка шектүү тажик жараны кыргызстандык паспорт менен кармалды

1157

Оор кылмыштары үчүн эл аралык издөөгө жарыяланган тажикстандык жаран Украинада кыргызстандык паспорт менен кармалды. Бул биздин өлкөнүн Ички иштер министрлигинин криминалдык милиция кызматы тарабынан аныкталган.

Тажикистандын экс-депутаты жана Исфарадагы химиялык заводдун мурдагы башкы директору Низимхон Джураев убагында уюшкан кылмыштуу топту түзүүгө айыпталган. Ал топ Тажикстандын башкы прокурорунун орун басары Толиб Бобоевди өлтүрүүгө, мыйзамсыз курал сактоого, 16 мамлекеттик объектини мыйзамсыз менчиктештирүүгө шектелген.

Тажик тергөөчүлөрү Низимхон Джураев салык төлөөдөн качып, жалпысынан 11 миллион долларды уурдап кеткенин билдиришкен. Джураевге Кыргызстандын Мамлекеттик каттоо мекемесинин жетекчилик кызматтагы адамдарынын кийгилишүүсү менен паспорт берилгени аныкталды.

Бул боюнча Ички иштер министрлиги жана Башкы прокуратура тарабынан кылмыш иши козголду. 2 күн мурда ыкчам-иликтөө аракеттеринин натыйжасында кылмышка шектүү катары Жалал-Абаддын Сузак районунун мамлекеттик каттоо кызматынын башкы адиси кармалган. Ал Бишкек шаардык милициясынын абагына камалды.