Кылмышкерден маңзатын алып, кайра сатып жиберген милиционер (видео)

766

Баңгизаты менен шугулдангандарды кое берген тартип сакчыларына карата кылмыш иши козголду. Криминалдык милициянын кызматкерлери Сокулук районунда үч наркодилерди баңги затын машинага алмаштырып жатканда кармашкан. Бирок тартип сакчылары кылмышка шектүүлөрдү 11 саат суракка алгандан кийин, камабай кое беришкен. Ошондой эле, бул факты журналга катталбай, эч кандай документтер толтурулган эмес. Ал эми алынган гашишти эки милиция кызматкери жашырып койгон. Алар пара алуу, кылмышты жашыруу, баңги затын мыйзамсыз сатуу беренелери боюнча айыпталууда. Анын бири жумуштан айдалып, экинчиси дагы деле иштеп жатат.