Кылмышкерлер менен күрөшкөн «кылмышкерлер» (видео)

865

Башкы прокуратура Чүй областынын Аламүдүн районунун 3 милиция кызматкерлеринин үстүнөн кылмыш ишин козгоду. Алар эч негизи жок эле бир жаранды кармап, уруп-сабаган деп шектелип жатышат. Учурда бул иш Улуттук коопсуздук Мамлекеттик комитетине өткөрүлдү. Мындан сырткары, УКМКнын тергөө башкармалыгынын тергөөчүлөрү пара алган деп шектелген Ички иштер министрлигинин ыкчам кызматкерлерине козголгон кылмыш ишин иликтеп жатышат. Ал иш боюнча 2 тартип сакчы тергөө абагына камалып, сурак берүүдө.