Кылмышкерлерди кармаган акылдуу иттер (видео)

1152

Кылмышкерлерди кармоого жардам берген акылдуу жаныбарлар! Мамлекеттик жаза аткаруу кызматынын Кайтаруу жана күзөт департаментинин кызматтык иттери арасында мелдеш болуп өттү. Анда акылдуу жаныбарлар из кууп, биринин артынан бири кылмышкерлерди таап жатышты. Мелдеш баш-аягы үч тур менен өткөрүлүп,  анда катышуучулардын шамдагайлуугу да текшерилди. Иш-чарага жалпысынан 12 ит катышты. Алардын арасында башка күч түзүмдөрү менен тыгыз кызматташып, олуттуу кылмыш иштеринин бетин ачууга көмөктөшкөндөрү да бар.