69,85
75,53
1,08
0,18
Бишкек 0°C

Кылмыштуу топтор сотторду кысымга ала баштадыбы? (видео)

706

Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү милиция менен сотторду кысымга ала баштадыбы? Ош областында оор кылмыштарга шектелген «Казак» деген каймана аты бар адамдын үй камагына чыгарылганына көпчүлүк түшүнө албай жатат.

Тартип сакчылары криминалдык топтордун мүчөлөрүн кармаганы менен, аларды соттор кое берип жатканы милиция кызматкерлерин ызалантууда. Бул маселе парламентте да көтөрүлүп, депутаттар криминалга каршы күрөштү күчөтүүнү талап кылышты.