Кылмышты жашырган милиция кызматкерлери үй камагына чыгарылды

971

2 адамды аёосуз сабаган балдарга байланыштуу кылмышка шектүү деп эсептелген милиция кызматкерлери үй камагына чыгарылды. Тартип сакчылардын бөгөт чарасы кечээ кечинде Биринчи май райондук сотунда каралып, дал ушундай чечим кабыл алынган. 479-экипаждын 2 милиционери 6 сентябрда кармалып, алар УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камалган.

Ал эми 28-августта болгон мушташта 2 адамды зөөкүрчө ур-токмокко алды делген ага-ини Жаныбек Бапышев менен Калысбек Сейитбеков окуя болгон учурда кармалып, кайра коё берилген.

Бул окуя коомчулукта катуу талкуу жараткан соң, кылмышка шектүүлөргө издөө жарыяланган. 3 күндөн кийин гана, 6-сентябрда бир туугандар Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгына өздөрү келип, аларды Свердлов райондук соту эки айга камоо чечимин чыгарды. Экөө тең №1 тергөө абагына киргизилди.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.