Кылмышты жашырган милиция кызматкерлери (видео)

706

2 адамды өзгөчө мыкаачылык менен сабагандар боюнча Бишкектин Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын айрым кызматкерлерине карата кылмыш иши козголду. Маалыматка караганда, тартип сакчылары окуя болгон жерден эки шектүүнү мыйзамсыз алып кетишип, көп өтпөй кое берип салышкан.

Ал арада, аёсуз сабагандардын бир тууган агасы Чүй областтык ички иштер башкы башкармалыгынын криминалдык милициясында иштегени тастыкталып, дал ошол тартип сакчысы мушташ болгон жерден 2 бир тууган инилерин алып кеткени белгиленди. Кылмышка шектүүлөр изделүүдө.