Кымбат автоунааларды ташуу боюнча коррупциялык схеманын бети ачылды

793

Мамкаттоо кызматынын Автотранспортту каттоо жана айдоочулук күбөлүк берүү департаментинин кызматкерлери аралашкан кымбат автоунааларды алып келүү боюнча коррупциялык схеманын бети ачылды. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү башкармалыгынан билдиришти.

Аталган департаменттин кызматкерлери 1955-жылдан 2005-жылга чейинки аралыкта чыгарылган «Империал-Ньюпорт», «Форд-Меркури», «Линкольн-Континенталь», «Додж» жана “БМВ” үлгүсүндөгү автонууларды Кыргызстандын жаранына катташкан. Аларга Мамлекеттик номерлер жана техникалык паспорттор берилген.

Көп өтпөй ал унаалар Россиянын жаранына катталып, Кыргызстандан сыртка чыгарылып кетүүгө даярдалган. Баштапкы документтеринде автоунаалар алгач Беларуста каттоого турганы көрсөтүлгөн.

Тергөө учурунда Беларустун Ички иштер министрлигинин Мамлекекеттик автоинспекциясы аталган беш автоунааны каттоодон чыгаруу аракеттери көрүлбөгөнүн жана транспортторго импорт үчүн бажы төлөмдөрү алынбаганын билдирген.

Автоунаалар катталды делген орусиялык жарандар да алардын атына автоунаалар эч качан катталбаганын жана документтерге кол койбогонун билдиришкен. Натыйжада, автоунааларды каттоо үчүн 14 миллион сомго жакын бажы төлөмү төлөнбөгөнү аныкталган.

Учурда факт боюнча «кызматтык абалынан кыянат пайдалануу», «контрабанда» жана «документтерди жасалмалоо» беренелери боюнча кылмыш иши козголду.