Кымбат баада алынган коляскалар боюнча иш козголду (видео)

3150

Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги пандемия маалында майыптар арабасын кымбат сатып алган. Ар бирине 57 миң сомдон короткон. Ал эми колясканын базар баасы 15 миң сом турган. Мындай билдирүүнү УКМК таратты.

Атайын кызматтын маалыматына таянсак, Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин жооптуу кызматтагы адамдарынын мыйзамсыз аракеттеринин натыйжасында мамлекеттик бюджетке 15 миллион сомдон ашык чыгым келтирилген. Ошол убакта мекемени жетектеп турган Улукбек Кочкоров болсо баары мыйзам чегинде өткөрүлгөндүгүн айтууда.