Кымбат сатып алуулар үчүн – кызматтан кетирүү (видео)

765

Сот, укук коргоо, көзөмөл органдарынынын кызматкерлеринин жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө баалуу кагаз, акция сатып алууга, чет өлкөлүк компанияларда үлүшкө ээ болууга тыюу салынат жана аларга өкмөт аныктаган банктарда гана эсеп ачууга уруксат берилет. Учурда сот тутумунда иштеген кызматкерлер үчүн гана мыйзам долбоору даярдалып, талкууга чыгарылды.

Ага ылайык, накталай түрдө 100 миң сомдон жогору баада бир нерсе сатып алууга болбойт. Бул талаптарды бузгандар дароо кызматынан бошотулат. Эң кызыгы бул талаптар өкүм чыгарган соттордун өздөрүнө тиешелүү эмес. Мындан улам, коррупция менен күрөшүүдө бул документтин зарылчылыгы жок деген пикир айтылууда.