Кымбат унааларды ташып келүүдөгү коррупциялык схема аныкталды

792

Кыргызстанга кымбат баалуу автоунааларды ташып келүүдөгү коррупциялык схема аныкталды. Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынан кабарлашкандай, автоунаалар өлкөгө бажы төлөмсүз киргизилип келген.

Бул ишке Транспорттук каражаттарды каттоо жана айдоочулук курам департаментинин кызматкерлеринин тиешеси бар экени аныкталган. Кымбат баалуу унааларды мыйзамсыз ташып келгендерге карата «контрабанда», «документтерди жасалмалоо» беренелери боюнча кылмыш иши козголду.

Бул кылмышка күнөөлөнүп Каттоо кызматынын алдыңкы адиси кармалып, тергөө абагына камакка алынды.