Кымбатчылыктын каарын тарткан пенсионерлер (видео)

1904

Базарларда асман чапчыган баалар жана чөнтөгү жука пенсионерлер. Улгайган адамдар азык-түлүктүн баасы кыйла көтөрүлгөнү менен пенсиялар өзгөрүүсүз калып, алган каражаттарын айдан-айга жеткире албай жатканын айтып кайрылышууда. Айрымдары бул көрсөткүчтүн өзү тиешелүү тармакта башаламан саясат жүрүп жатканынан кабар берет дешүүдө.

Ал арада кийинки дем алыш күндөрү Бишкекте азык-түлүктүн баасын арзандатуу максатында жарманкелер ачылары белгиленди. Анда борбор калаанын ар кайсы жерлеринде фермерлердин, даяр азык-түлүк өндүрүлгөн ишкерлердин жана ири импортерлордун товарлары дүң баанын наркында сатылууга тийиш.