Кырчын жайлоосунда «Мөңгү» биринчи Эл аралык кино форуму өтөт

1399

Ысык-Көлдө, Кырчын жайлоосунда 3 сентябрдан 6 сетябрга чейин «Мөңгү» биринчи Эл аралык кино форуму өтөт. Форум III Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарынын алкагында болмокчу.

Жеринде боз үйлөр тигилип, аларга чакан, ал эми сыртка ири проектор орнотулат. Фестивалдын дирекциясынан билдиришкендей, аталган иш-чара жаратылыш ресурстарын, айлана-чөйрөнү коргоо боюнча кыймылды колдоого арналат.

Кинофорумдун жүрүшүндө семинар, мастер-класстар уюштурулат. Ага эл аралык кинематограф, эколог, эксперттердин катышаары күтүлүүдө. Уюштуруучулардын айтымында, тасмаларды акысыз көрүүгө болот.