Кырчын жайлоосундагы ак илбирстин териси боюнча текшерүү башталды

1109

III Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунун символу, кызыл китепке кирген ак илбирстин териси Кырчын жайлоосунда боз үйдө илинип турганы боюнча текшерүү башталды. Бул сүрөт кечээ интернетте таркап, социалдык тармактын колдонуучулары тарабынан катуу сынга алынды.

Ак илбирстин териси илинген боз үй Кырчын жайлоосуна барган Чүй областынын өкүлдөрүнө таандык. Эми өзгөчө коргоого алынган жаныбардын териси кимдики экени териштирилмекчи. Бул тууралуу Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба агенттиги маалымдады. Мамлекеттик экологиялык жана техникалык инспекция бул мыйзам бузуу экенин билдирди.

Негизи, өкмөттүн токтомуна ылайык, ак илбирске кол салгандар үчүн 1,5 миллион сомдук айыппул каралган.