Кырдрамда «Кылым карытар бир күн» элди ыйлатты (видео)

4640

Улуу жазуучунун 90 жылдык мааракесине карата Кыргыз мамлекеттик академиялык драма театрында «Кылым карытаар бир күн» романы сахналаштырылды. Анын бет ачаары болуп, театр сүйүүчүлөрүнүн жогору баасына татыды. Чыңгыз Айтматовдун алгачкы көлөмдүү чыгармаларынын бирин сахналаштыруу оңой болгон жок, дешет театр сынчылары. Режиссер Назым Мендебаировдун жаңы табылгалары жана актёрлордун мыкты аткаруусу көрүүчүнү кайдыгер калтырбайт.

Белгилей кетсек «Кылым карытаар бир күн» романын буга чейин 1985-жылы Искендер Рыскулов сахналаштырган. Андан кийин Назым Мендебаиров гана татаал чыгарманы көрүүчүгө жеткиликтүү тил менен сахнага алып чыгып отурат.