«Кыргыз алтын» ишканасын 3 орган текшере баштады (видео)

1010

Кара-Балтадагы алтын чайкоочу заводдон пол жууган кызматкер таап алган 1,5 килограммдан ашык алтын азыр кайда? Бул боюнча «Кыргызалтын» ишканасынын жетекчиси Алмаз Алимбеков түшүндүрмө берди. Анын айтымында, окуя чынында эле былтыр сентябрда болгон. Бирок баалуу металлдын бөлүкчөлөрү бар калдыкты көзөмөл кызматкерлери тааптыр.

Ал арада 3 орган мекеменин ишмердүүлүгүн текшермей болду. Анын жүрүшүндө канча алтын кымырылып кеткени да ачыкталышы ыктымал. Ошол эле убакта, мунун баарын «Кыргызалтындын» жетекчисинин ордуна көз арткандар жасап жатат дегендер да бар.