«Кыргыз алтын» ишканасын текшерүү боюнча талап коюлду

749

Парламенттин тармактык комитети укук коргоо органдарына «Кыргыз алтын» ишканасын текшерүүнү тапшырды. Депутат Кожобек Рыспаевдин айтымында, акыркы 4 жыл аралыгында мекемеде эч кандай реформа иштери жасалган жок. Компаниянын штаты чоң, азыр аппаратында эле 120 киши иштейт. Андан башка дагы дооматтар көп дейт, эл өкүлдөрү.

Мындан улам, укук коргоо органдарына ишкананы текшерип, 10-апрелге чейин маалымат берүү тапшырылды. Ошондой эле, учурда башкы прокуратура Кара-Балта шаарындагы алтын чайкаган заводдо пол жууган кызматкер таап алды делген 1 килограмм 600 грамм алтын боюнча текшерүүнү баштаптыр.

Мындай маалыматты буга чейин депутат Кожобек Рыспаев айтып чыккан. Бул боюнча «Кыргыз алтын» ишканасы түшүндүрмө берди. Компаниянын коопсуздук кызматынын жетекчиси Рафик Мамбеталиевдин айтымында, кароолчулар заводдон 1 кг 632 грамм металл таап алып, дароо жетекчиликке кабарлашкан.

Анализдин жыйынтыгында, ал технологиялык процесстерден чыккан калдык экени аныкталган. Бул боюнча кызматтык териштирүү жүргүзүлүп, бир нече жумушчу иштен айдалган. Ал эми заводго эч кандай материалдык зыян келтирилген жок. Табылган металл каттоого алынып технологиялык процесске өткөрүлүп берилди дейт, «Кыргыз алтын» ишканасынын өкүлү.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.