Кыргыз аскерлери Казакстандан кайтып келишти (видео)

2564

Жамааттык Коопсуздук Келишими Уюмунун алкагында Казакстанга тынчтык орнотуу миссиясы менен кеткен Кыргызстандын Аскердик контингенти толугу менен кайтып келди. Аларды Бишкектин четиндеги «Ак-Жол» көзөмөл өткөрмө бекетинен Улуттук коопсуздук комитетинин жетекчиси Камчыбек Ташиев жана коргоо министри Бактыбек Бекболотов баштаган жетекчилер салтанаттуу азем менен тосуп алышты.

Андан соң алар Токмоктогу аскердик бөлүккө барып, жетекчилерге аткарган иштери тууралуу маалымат беришти. Белгилей кетсек, тынчтык миссиясынын алкагында кеткен атайын багыттагы «Скорпиончулар» кошуна өлкөдө стратегиялык объекттерди кайтарууга жардам беришти.