«Кыргыз чоролору» Кытай элчилигинин алдына акцияга чыгат

1041

«Кыргыз чоролору» коомдук бирикмеси 20-декабрда Кытайдын Кыргызстандагы элчилигинин алдында тынчтык акция өткөргөнү жатат. Бул тууралуу уюмдун өкүлү Замирбек Көчөрбаев «Фейсбуктагы» баракчасына жазды.

Маалыматка караганда, акция учурунда Кытайдагы улуттук азчылыктарга карата зордук-зомбулукту токтотуу, тарбиялоочу лагерлердеги кыргыз тектүү ар бир жарандын камакка алынуу себебин, алардын мыйзамсыз иштери тууралуу ачык айтуу талап кылынат.

Көчөрбаев «Кыргызстанда мыйзамсыз жашаган чет элдик жарандар 30 күн ичинде өлкөдөн чыгарылсын, акыркы 10 жыл ичинде кыргыз жарандыгын алган чет өлкөлүктөрдүн паспортту мыйзамдуу алганын тактап-аныктоо үчүн коомдук уюмдар, жарандык активисттер, мамлекеттик органдардан турган атайын комиссия түзүлсүн» деген талап да коюлаарын жазды. Буга чейин «Кытайдагы кыргыздарды колдоо комитети» билдирүү таратып, айрым социалдык тармактарда аша чапкан, туура эмес, мыйзамсыз чакырыктар чыгып жатканын белгилеп, мындай аракеттерге жол бербөөгө чакырышкан.

Ноябрдын этегинде Кытайдагы жакындарын издеген жарандар президент Сооронбай Жээнбековго кайрылышкан. Кийинчерээк Кыргызстанда “Кытайдагы кыргыздарды колдоо” комитети түзүлүп, бул маселени бийликке, коомчулукка жеткирүү максатында жыйын уюштурулган. Бийлик алардын кайрылуусуна жооп кайтара элек. Тышкы иштер министрлиги кытайлык кыргыздар тууралуу маалыматтарды такталып жатканын айткан. Мекеме азырынча жооп бере элек.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.