Кыргыз диаспора башчысы кылмышка шектелүүдө (видео)

13390

Якутиядагы кыргыз диаспорасынын башчысы Жазбек Бекболиев камакта эмес. Бул тууралуу Кыргызстандын Россиядагы элчилигинен билдиришти. Маалыматтар боюнча, Бекболиев мыйзамсыз миграция уюштурууга шектелип 3-декабрда колго түшкөн. Бирок кайра эле кое берилген, дешет дипломатиялык өкүлчүлүктөн.

Эскерте кетсек, интернетте Россиянын Федералдык коопсуздук кызматы Якутиядагы кыргыз диаспорасынын башчысына кишен салып кармап кеткени тартылган видео тараган. Россиялык жергиликтүү басылмалар тергөөгө таянып, Бекболиев кыргыз мигранттарынын документтерин мыйзамсыз жасап берген деп жазып чыгышкан.