Кыргыз драма театры: сапатсыз оңдоо иштеринин кесепеттери (видео)

931

Токтоболот Абдымомунов атындагы Кыргыз Улуттук академиялык драма театры кайрадан оңдоп түзөөгө муктаж. Учурда маданий жайдын чатырынан суу агууда. Акыркы жолу бул имарат 2010-жылы капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, үстү кара кагаз менен жабылган. Бирок шыбынан дагы деле суу агып турат.

Адистер жаңы технологияны колдонуп, чатырын алмаштыруу керектигин айтышат. Ошондой эле, театрдын ичи муздак. Анткени жылытуу системалары жакшы иштебейт. Мындан улам, келген көрүүчүлөр үстүндөгү калың кийимдери менен отурууга аргасыз.