Кыргыз драма театрында жаңы сезон ачылды (видео)

1351

Кыргыз Мамлекеттик Академиялык драма театрында жаңы сезон ачылды. Бул ирет дагы салт болуп калгандай, алгач «Манастын уулу Семетей» спектакли коюлду. Буга чейин бул чыгарма 36 ирет коюлуп, бүгүнкү күнгө чейин анда роль аткарган актерлордун 4 мууну алмашты.

Жаңы театралдык сезондун ачылышына пьесанын автору Жалил Садыковдун жубайы келип, чыгарманын жаралыш тарыхын жаштарга айтып берди. Жаңы сезондо театр сүйүүчүлөрүнө 3 жаңы спектакль тартууланат.