Кыргыз Эл артисти Султан Каримов жардамга муктаж (видео)

1601

Кыргыз Эл артисти Султан Каримов тез арада чет өлкөдө жасалуучу операцияга муктаж. Ырчы азыркы тапта үй шартында дарыланып, күнүнө беш жолудан инсулин алууда. Дарыгерлер ага 2015-жылы кант диабети деген диагноз коюшкан.

Ошондон бери ак халатчандардын берген кеңешинин негизинде ден-соолугуна кам көрүп келген. Бирок быйыл июнь айында абалы оорлошуп кеткен. Учурда атайын эсеп ачылып, коомчулуктан акчалай каражат топтолууда.