Кыргыз эли эки залкарын акыркы сапарга узатты (видео)

10834

Кыргыз эли эки залкарын жерге берди. Кыргыз Эл акыны, жазуучу, котормочу жана коомдук ишмер Омор Султанов менен белгилүү кино актер, Эл артисти Марат Алышбаевдин сөөгү Бишкектеги Ала-Арча көрүстөнүнө коюлду. Маркумдарды акыркы сапарга узатуу зыйнатына маданият өкүлдөрү, коомдук, саясий ишмерлер менен жакындары катышты.

Анда чыгаан инсандардын чыгармачылыктагы басып өткөн жолу жана көзү тирүүсүндө жасаган эмгектери эскерилди. Омор Султанов 3-апрелде 86 жаш курагында дүйнө салса, 75 жаштагы Марат Алышпаев узакка созулган оорудан улам кечээ акка моюн сунган.