Кыргыз-казак чек ара бекеттеринде авто унаа тыгындары кескин азайды

757

Бүгүнкү күнгө карата Ак-Тилек, Чоң-Капка өткөрүү жайларында кезек күткөн жүк ташуучу унаалардын саны 70ке жетет. Буга чейин Ак-Тилек бекетинде эле 500дөн ашуун фуралардын тыгыны пайда болуп, кезектин узундугу 15 чакырымга чейин жеткен.

Учурда Ак-Жол өткөрмө жайында жөө жүргүнчүлөр эч тоскоолдуксуз өтүшүүдө. Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришкендей, Казакстан тарап биздин өлкө менен болгон чек арасында жеңилдетилген режим киргизе элек. Транспортту текшерүү мурдагыдай эле көп убакытты талап кылууда, дешет айдоочулар.