Кыргыз-казак чек арасы: чатырда күн өткөргөн айдоочулар (видео)

1422

Казакстанга өтүш үчүн кезекте турган оор жүк ташуучу автоунаалардын айдоочулары көйгөй жакынкы күндөрү чечилбесе, чечкиндүү кадамдарга да барышыбыз мүмкүн деп билдиришүүдө. Учурда ал жерге Өзгөчө кырдаалдар министирлиги чатыр тигип, «талаа ашканасын» уюштурган. Мындан сырткары, жеке ишкерлер да тамак-аш таратып кетишүүдө.

Апталап кезек күткөн айдоочулар тамактануу боюнча маселе жоктугун белгилешет. Ошентсе да, санитардык абалдын начардыгына нааразы болушууда. Ошондой эле, абалдан пайдаланган айрымдар айдоочулардан акча алып, кезексиз өткөрүп жаткан учурлар да болуп жатыптыр.