Кыргыз-казак чек арасы Жогорку Кеңеште талкууланды (видео)

743

Кыргыз-казак чек арасынын такталган картасы даяр болду. Бул тууралуу өкмөттүн чек араларды делимитациялоо маселелери боюнча атайын өкүлү Курбанбай Искандаров Жогорку Кеңеште билдирди. Эки өлкө ортосундагы келишимди ратификациялоо боюнча документ экинчи окууда каралып чыкты.

Документти талкуулоо учурунда кыргыз-казак чек арасындагы маселе жараткан жер тилкелер боюнча суроолор көтөрүлдү. Депутаттар Чүй, Талас жана Ысык-Көл областтарындагы кошуна өлкө менен чектеш жерлер боюнча азырга чейин талаш маселелер бар экенин айтышты.