Кыргыз-казак чек арасына үч тараптуу көзөмөл коюлат (видео)

1564

Кыргызстан менен Казакстандын чек арасындагы абалды жөнгө салуу үчүн эки өлкөдө түзүлгөн жумушчу топтор кайрадан биргеликте иш алып барат. Вице-премьер-министр Толкунбек Абдыгулов баштаган топ Астанага жөнөп кетти. Андан соң, Казакстандан Бишкекке тиешелүү делегация келип, тараптар жол картага кол коюшат. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков депутаттар менен жолугушууда айтты. Минскте эки мамлекеттин президенттери жолугушуп, чек арадагы абалды талкуулашкан. Анда лидерлер товар алып өтүүгө үч тараптуу көзөмөл коюу чечимине келишкен. Тактап айтканда, Кыргызстан менен Казакстандан тышкары, ЕАЭБдин көз карандысыз адиси да бул процесстерге байкоо салат.