Кыргыз-казак чек арасында 600дөн ашуун автоунаа топтолду

748

Кыргыз-казак чек ара бекеттеринде топтолгон автоунаалардын жалпы саны 600дөн ашты. Кыргызстандын Чек ара кызматынан алынган маалыматка караганда, ушу тапта «Ак тилек» көзөмөл-өткөрүү бекетинде 490, Талас облусундагы «Чоң-Капка» көзөмөл жайында 162 оор жүк ташуучу машине турат. Калган бекеттерде автоунаа жана жарандардын тыгыны жок.

Казакстан 10-октябрдан баштап Кыргызстан менен чек арасында текшерүүнү күчөткөн. Ошондон бери чек арадан Казакстан тарапка өтүү кыйын болуп жатат. Адегенде казак бийлиги муну Кыргызстандагы президенттик шайлоого байланыштырган. Кийинчерээк расмий Астана Кыргызстан ЕАЭБдин талаптарын бузуп жатканын айтып, мындан өз бюджети зыян тартканын билдирип чыкты.