Кыргыз-казак чек арасында кайрадан кезек күтүү (видео)

877

Кыргызстан менен Казакстандын чек арасындагы өткөрмө бекетинде кырдаал турукташкан жок. Ушул убакта 100гө чукул авто унаа кошуна өлкөгө өтө албай турат. Айрым айдоочулардын турганына 3-4 сутка болгон. Алардын айтымында, кошуна өлкөнүн аймагына бир саатта 3-4 автоунаа өтүп жатат. Казакстан өз чек арасын бир нече саатка таптакыр жаап салууда.

19-мартта Казакстан аткезчиликти алдын-алуу деген жүйөө менен чек арадан жүк алып өтүүнү оорлоткон. Анда да бир нече чакырымга созулган кезек пайда болгон. 2 өлкөнүн өкмөт башчыларынын жолугушуусунан кийин маселе чечилгени кабарланган эле. Бирок бир жума боло электе минтип жүк ташыган унаалардын кайрадан тыгыны пайда болду. Чек арадагы абал жөнгө салынбай жатканынын чыныгы себеби эмнеде?