Кыргыз-казак чек арасында кайрадан тыгын пайда болду (видео)

1372

Кыргыз-казак чек арасында кайрадан тыгын пайда болду. 2 күндөн бери Чүй областындагы “Ак-Тилек” көзөмөл өткөрүү жайында кезек күткөн жүк ташуучу унаалардын саны 300гө чейин жетти. Айдоочулардын айтымында, мындай жагдайдын жаралышына Казакстандын чек ара өткөрүү бекетинде рентген аппараты иштебей калганы себеп болуптур.

Ал эми жүк ташып бара жаткандар көпкө кезек күтүп тургандарына нааразы. Анткени ПЦР-анализдеринин мөөнөтү бүтүп аны кайра тапшырганга туура келет экен. Ал аз келгенсип, күйүүчү май менен тамак-ашка акча коротуп, чыгымга учурашууда.